Жантөрө Сатыбалдиев “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун бекитүү жөнүндө токтомго кол койду

Бүгүн, 14-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган токтомдун негизги максаты - 2013-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз учурунда жүргүзүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү,  мал чарбасын жана айыл чарбасындагы кайра иштетүүчү секторду андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.

Токтомдун негизинде Каржы министрлиги коммерциялык банктар менен макулдашууларды түзөт. Анын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү 5 коммерциялык банк фермерлерге жеңилдетилген 10 пайыздык насыяларды 1 жана 2 жылдык мөөнөткө берет. Бериле турган насыяларды жалпы суммасы 3-4 миллиард сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан