Баткен облусунун Рават айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Рават айылында 30-май күнү саат 21:00 чамасында сел жүргөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча, селдин кесепетинен Рават айылындагы ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.