Токмоктогу атышуу боюнча кылмыш иши козголду

Токмоктогу атышуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 30-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 30-май күнү саат 14:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Токмок шаарынын 3-кичи районунда белгисиз адамдар ок атуучу куралдан ок чыгарышканы айтылган. Окуя болгон жерге күч органдары барышканда жума намаздан чыгышкан 1989-жылы жана 1990-жылы туулган жергиликтүү эки тургунду бет капчан белгисиз адамдар атып кетишкени белгилүү болгон. Анын кесепетинен эки жаран жараат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bexa9595
2014-05-31 11:47:25
жон адамдарды атпаса керек бет капчандар деле..
.
0
Dasmond
2014-05-31 12:47:19
Косягы болсо керек да
0
Feijipiao
2014-05-31 13:16:38
ии биздин 3-кичи райондого,чындап эле жондон жон атпаса керек,очу бардырда.
0
aza_74
2014-05-31 19:28:17
Америка боевик кинолорунун кесепети
0
Salimboy
2014-06-01 12:40:36
Ата берсин жон журсон Эле атпайтда булар да бироону атса керек так что ата берет атып келген дагы атат бизде закон жоко атса акчан болсо болду !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан