Чүй районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланын сөөгү табылды

Чүй районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 30-май күнү 3 суучул жана туугандарынан 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок натыйжа болгон эмес. Ошол күнү сууга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси талаа иштерин кылып жүргөн Бакыт аттуу жаран тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Эске сала кетсек, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Чүй районунун Дөң-Арык айылында 2007-жылы туулган Бекжан Жапаров Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Ошол убактан бери издөө иштери жүргүзүлүп келген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AZAMAT555
2014-06-01 18:42:02
Жайы жаннаттан болсун ата энесине сабыр берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан