“Республиканын аймагында 2014-жылдын январь айынан апрель айына чейин 88 табигый жана техногендик өзгөчө кырдаал катталды”,- дейт өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, өзгөчө кырдаалдан улам келтирилген материалдык чыгымдар 21 миллион 597 миң сомду түздү.
“Өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү боюнча: кар көчкү – 45, суу каптоо – 5, катуу шамал – 6, ири өрт кырсыгы – 4, муздуу бөгөт – 5, кардын түшүүсү – 4, сел агымдары – 3, таш кулоо – 2, шахта, имараттардын урашы – 2, чагылган – 1, жарылуу – 1, инфекция, инвазия - 8”,- деп айтылды министрдин баяндамасында.
Айта кетсек, бүгүн, 31-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коллегиялык жыйын болуп жатат.