Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 2-жыйыны башталууда

Бүгүн, 14-январда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 2-жыйыны башталууда. Айта кетсек, 2012-жылдын ноябрь айында КРнын президенти Алмазбек Атамбаев аталган кеңешти түзүү боюнча жарлыкка кол койгон жана декабрь айында кеңештин биринчи отуруму өткөн. Анда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, ЖКдагы фракция лидерлери катышып, Алмазбек Атамбаев сунуштаган "КРнын 2013-2017-жылдары экономикалык туруктуу өнүктүрүү программасы" талкууланган. Бүгүнкү жыйынга да президент, ЖКдагы фракция лидерлери, бир катар министрлер катышмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан