Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам Бажы кызматындагы эмгек-укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган.