Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев ЮНИСЕФтин Балдар фондунун жетекчиси менен жолукту

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев ЮНИСЕФтин Балдар фондунун жетекчиси менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Балдар фондунун 5 жылдык кызматташуу долбооруна кол коюлду.

“Биздин кызматташуубуздун максаты - коомдогу социалдык теңдикти камсыз кылуу жана жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү”,- деди Базарбаев.

Ошондой эле ал социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында биргелешип анализ жүргүзүүнү сунуштады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан