Кемин районунда жүргөн сел 8 турак үйдүн короосун каптады

Кемин районунда жүргөн сел 8 турак үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 30-май күнү саат 19:10 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен аталган райондун Ильич айылында сел жүргөн. Алдын ала алынган маалымат боюнча, 8 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Сел кесепеттерин жоюу иштерине айыл аймагынан 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылды. Райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан