Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Куттуктоонун текстинде “Балдарды коргоо күнүндө өз өмүрүн кичинекей мекендештерибизге арнагандарга терең ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздүн келечек мууну үчүн жашап, эмгектенгендерге таазим этем! Кыргызстандын бардык балдарына чың ден соолук, бакыт-таалай жана ачык асман каалайм. Бактылуу болгула! Келечегиңер кең болсун! Кыйынчылыктардан жана тоскоолдуктардан тайсалдабагыла. Максаттарыңарды ишке ашырыш үчүн күрөшүп, ар дайым жакшылыкка, жаратуучулукка умтулгула” деп жазылат.