Билим берүү фондунан 5 балдар үйүнө жана 2 мектеп-интернатына 1 миллион 270 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Өлкө башчысынын атынан 5 балдар үйүнө жана 2 мектеп-интернатына жалпы эсеби 1 миллион 270 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев 5 балдар үйүнүн жана 2 мектеп-интернатынын директорлору менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө балдардын турмушка ыңгайлашуусу жана аларды кесипке багыттоо боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү фондунан 1 миллион 270 миң сомдук сертификаттар Ноокен районунун Ж.Ниязов атындагы мектеп-интернатына, Чүй облусунун Панфилов районунун К.Тилебалиев атындагы мектеп-интернатына, Баткен облусундагы Үч-Коргон балдар үйүнө, Жалал-Абад облусунун Октябрь балдар үйүнө, Ак-Суудагы балдар үйүнө жана Чүй облусунун Военно-Антоновка, Беловодск балдар үйлөрүнө тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан