Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуу ратификацияланды

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган

мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан