"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны башталды

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2-жыйыны башталды. Жыйынга президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, ЖКдагы 5 фракциянын лидерлери, башкы прокурор Аида Салянова жана башка бир катар министрлер катышууда. Жыйынды ачып берген Алмазбек Атамбаев катышуучуларды Жаңы жылы менен куттуктап, "Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" бир ай талкууланып, көптөгөн сунуш, пикир, сындар айтылганын билдирди. Мунун натыйжасында стратегиядагы текст жаңыланып, көптөгөн өзгөртүүлөр болгонун кошумчалады. "2017-жылга чейин биздин өлкө туруктуу өнүгүүгө түшүүсү керек, стратегияда ага жетишүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Биз эмнеге багыт алыш керектигин даана көрүп турабыз",- деди президент. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан