Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды

Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 19-ноябрында Сеул шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине  Корея Республикасынын Өкмөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан