Жылнаама, 1-июнь: Мындан 3 жыл мурун Жер Ортолук деңизинде кеме кыйроого учурап, 150 адам каза тапкан

* 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Балдарга камкордук жасоо демилгеси 1949-жылдын ноябрь айында Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген. Бириккен Улуттар Уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган. 

* Мындан 5 жыл мурун Рио-де-Жанейродон Парижге учуп бараткан учак Атлантика океанына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 228 адам көз жумган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылдын ушул күнү Жер Ортолук деңизинде кеме кыйроого учураган. Анын кесепетинен 150 киши каза таап, дагы ондогон адамдар дайынсыз жоголгон.

* Мындан 173 жыл мурун франциялык ойлоп табуучу Франсуа Аппер көз жумган. Ал азык-түлүктөрдү консервалоону ойлоп тапкан.

1-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан