Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-Июнь- Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Балдарды коргоо күнү менен куттуктайм! 1-июнь - жеке эле балдарыбыздын эмес, аларды тарбиялап, эрезеге жеткирген ата-энелердин, мугалимдердин жана камкорчулардын майрамы. Балдардын бактылуу балалык доорун сүрүп, татыктуу билим алышына шарт түзүү – биздин негизги максатыбыз. Алардын таттуу уйкусу, ууртунан төгүлгөн күлкүсү Жер шарындагы тынчтыктын белгиси болуп саналат. Жараткан бизди ошол бактыбыздан айрыбасын.
Үйдүн куту, үй-бүлөнүн өзөгү, өмүр булагы саналган балдардын жаркын келечегин түптөө - башкы милдетибиз. Кудай буюрса, балдарыбыз үчүн экономикасы өнүккөн, эли бардарчылыкта жашаган адилеттүү Кыргызстанды курабыз".