Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюшулган “Эгиз бөбөк” сынагы башталды

Бүгүн, 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталынын уюштуруусунда "Асанбай" сейил багында “Эгиз бөбөк” сынагы өтүп жатат. Анда куудул жигиттер Эмил Эсеналиев менен Самат Эркинбек уулу алып баруучулук милдетти аркалашууда. Ал эми сынакка катышып жаткан 14 эгиз баланын өнөрлөрүн баалоо үчүн калыстык милдетти ырчы айымдар Анжелика, Гүлзада, ырчы Ильяз Андаш, SUPER.KG порталынын кызматкери Дамира Арстанова аркалоодо.

Кошумчалай кетсек, сынакка 3 жаштан 7 жашка чейинки эгиз балдар-кыздар катышып жатышат. Шарт боюнча баары бирден кызыктуу номер (ыр, бий же кандай өнөрлөрү болсо) аткарып беришет. Жеңүүчүлөрдү “Супер-Инфонун” белектери күтөт.

"Эгиз бөбөк" сынагы жеңүүчүсүн тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан