Жылнаама, 2-июнь: Мындан 3 жыл мурун Болот Шер генерал-лейтенант наамынан баш тарткан

Мындан 77 жыл мурун, 1937-жылы Жусуп Абдрахмановдун Коммунисттик партияга мүчөлүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн И.В.Сталинге жазган арызы Оренбург шаардык компартиясына жөнөтүлгөн. Ж.Абдрахмановдун арызы менен бирге анын партия мүчөлүгүн калыбына келтирүү демилгесин жактаган көрсөтмөлөрдүн чын-жалганын териштирүү үчүн атайын көрсөтмө берилген. Ал көрсөтмөгө ылайык, Ж.Абдрахмановго "эл душманы" деген айып тагылып, атылып кеткен. 

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер Июнь окуясына байланыштуу күнөөсү бар экенин моюнга алып, генерал-лейтенант наамынан баш тарткан.

* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Пакистандагы Даниянын элчилигинин жанында террорчу мина коюлган машинаны өзү менен кошо жардырып жиберген. 6 киши өлүп, 24 адам ар кандай жаракат алган.  

2-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан