Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын кабыл албасак болбойт"

"Биз бардык күчүбүздү жумшап, бул стратегияны кабыл албасак болбойт". Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, КРнын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясын айрымдар сынга алып, "бул стратегия эмне үчүн 20-30 жылга пландалган эмес?" деп айтышууда. Буга президент: "Стратегиянын 2017-жылга чейин гана белгиленишинин себеби бар. Менин президенттик мөөнөтүм аяктаганча стратегиянын ишке ашканы же ашпай калганы боюнча жооп брешим керек",- деди. Андан соң сөз алган аталган кеңештин мүчөсү, төрага Асылбек Жээнбеков да бул стратегияны кабыл алыш керектигин билдирип, ал өз кезегинде өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачып бере турганын билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан