Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Чүй облусунун учурдагы башчысы Канатбек Исаев былтыр 836 969 сом маяна алган. Кошумча кирешеси 3 миллион сом экенин тапшырган декларациясында көрсөттү. Ошондо Исаев былтыр 3 миллион 836 969 сом киреше тапкан. Мүлктөрү: 250 чарчы метр жерди ээлеген үй, 4,5 гектар эгин талаасы, 2 автоунаа (чыгарылган жылы жана үлгүсү көрсөтүлгөн эмес).
Исаевдин жакындары 2013-жылы канча киреше тапканы документте көрсөтүлгөн эмес. Аларга 2 мал сарай (аянттары көрсөтүлгөн жок), 800 чарчы метрлик жер тилкеси, 500 чарчы метр аянтты ээлеген үй таандык.
Исаевдин 2012-жылкы кирешеси бул жакта.