Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева былтыр иш ордунан 922 339 сом маяна алган. Тапшырган декларациясына таянсак, кыймылсыз мүлктөрү: 353,3 чарчы метр аянтты ээлеген имарат, 128,6 чарчы метр жерди ээлеген батир, 227,5 дача. Автоунаалары: Лексус LS 460, Лексус LX 570. Исаева “Альянс Профит” компаниясынын акциясынын бир бөлүгүнө ээлик кылат.
Депутат жакындарынын жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат көрсөткөн жок.
Исаеванын 2012-жылкы кирешеси бул жакта.