Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 1-июнь күнү саат 12:00 чамасында Жайыл районунда жол кырсыгы катталган. Анда БМВ 525 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу каза таап, 3 жүргүнчү жараат алган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, унаада кыпчылып каза болгон айдоочунун денесин чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.