Ала-Бука районунда жааган жамгырдын жана катуу сууктун айынан 150 баш кой өлдү

Ала-Бука районунда жааган жамгырдын жана катуу сууктун айынан 150 баш кой өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл аймагында 31-май түнү Чоң-Таш жайлоосуна койчу Турдамамат Ажиматов 3 жардамчысы менен жергиликтүү тургундардын 800 баш кой-эчкисин айдап кеткен. Көк-Алма ашуусунда жааган жамгырдын, мөндүрдүн жана сууктун кесепетинен 150 баш кою өлүп, 60 баш кой-эчкиси жоголгон. Кечээ, 1-июнь күнү жергиликтүү тургундардан 4 атчан адам азык-түлүгү менен жөнөп кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан