Камбоджанын жети тургуну 3000 риель (50 сомго жакын) алуу үчүн кудукка түшүп, кычкылтек жетишпегендиктен ошол жерде жан беришкен. Бул тууралуу 2-июнда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, окуя 31-май күнү чет жактагы Сиемреап провинциясында орун алган. Жети адам, анын ичинде үч өспүрүм кудукка ыргытылган акчаларды алуу үчүн түшүшкөн жана 5 метр тереңдикте кычкылтек жетишпей баары каза болушкан. Каза болгон бир өспүрүмдүн эжесинин айтымында, бала "биздин жарды үй-бүлөбүзгө ал акчалар чоң байлык" деп эсептеген.