Жогорку Кеңеште бүгүн, 2-июнда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу системин оптималдаштыруу боюнча парламенттик угуу өтөт. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети ЮСАИДдин колдоосу менен уюштурганы жатканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Ага депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, эксперттер жана башкалар катышмакчы.