Бишкекте "жасалма акча көтөрүп жүргөн" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте "жасалма акча көтөрүп жүргөн" деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, борбордогу банктардын биринин акча алмаштыруучу жайынан 20-25 жаштардагы жаран 20 миң орусиялык рубль акчасын кыргыз сомуна алмаштырган. Алмаштырылган 20 миңдин 10 миңи жасалма экендиги кийин аныкталып, милиция кызматкерлерине билдирилген. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Марлес аттуу жаран кармалган. Окуя боюнча иликтөөлөр жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asiret
2014-06-02 10:48:46
Мумкун ал да жасалма экенин билбей башка бироодон алып алгандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан