“Мечиттен уурулук кылган” деген шек менен 17 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 1997-жылы туулган Улукбек аттуу жаран "мечиттерде уурулук кылып жүргөн" деген шек менен кармалган.
Алсак, аталган жаран Гагарин көчөсүндө жайгашкан мечиттен Нурлан аттуу жарандын күрмөсүн, Шабданбек аттуу жарандын сумкасынан 6070 сом акчасын, паспортун, ошондой эле 1980-жылы туулган жарандын күрмөсүн уурдаган деп шектелүүдө.
Учурда иликтөө иштери уланууда.