Бишкек мэриясы: "Шаар көчөлөрүндө сырткы жарыктандырууну модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруу аракети башталды

Бишкекте "Шаар көчөлөрүндө сырткы жарыктандырууну модернизациялоо" долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иштери башталды. Бул боюнча май айынын аягында жумушчу топ менен "Азия шаарларын өнүктүрүү демилгелери" Эл аралык фондунун консультанттары жолугушуу өткөрүштү. Ага шаардын вице-мэри Олег Попиков, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев жана башка тийиштүү жетекчилер катышканын мэриядан билдиришти. 
Сүйлөшүүдө аталган долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы, каржылык, социалдык-экономикалык, техникалык маселелери талкууга алынды. 
Вице-мэр долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди ушул жылдын октябрь айында өткөрүү зарылдыгын белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан