Депутат Алтынбек Сулайманов Кыргызстандын чек ара маселесин 2017-жылга чейин чечүү керектигин билдирди

Бүгүн, 14-январда Бишкекте "Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын" жыйыны өтүүдө. Жыйынга катышып жаткан "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов "бул стратегияга чек ара маселеси кирбей калыптыр, муну киргизүүнү сунуштайм. Чек ара көйгөйүн бул жылдар аралыгында чечип кетсек, президент катары Алмазбек Атамбаев жана биз депутаттар чоң иш жасаган болор элек" деген пикирин билдирди. Буга президент Алмазбек Атамбаев "чек ара маселесин кыска аралыкта чечебиз десек, анда утулуп калышыбыз мүмкүн, президенттин мөөнөтү чектелүү. Чек ара маселесин чечишибиз керек, бирок тез аранын ичинде эле чечилет деп сөз берүү да кыйын" деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан