Республикада өткөн суткада 10 өрт кырсыгы катталып, Бишкектеги кафенин 10 чарчы метри күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталып, ага 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош облусунда, Ош шаарында, Нарын облусунда бирден өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан кафелердин бирине караштуу кондитердик цехтин 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу кырсыкка себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан