"Кайыңды кабель заводу" 2013-жылы 173 тонналык товар өндүргөн

31-майда вице-премьер-министр Валерий Диль Чүйдөгү "Кайыңды кабель заводунун" иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган ишкананын жетекчиси Бектур Калыков белгилегендей, "Кайыңды кабель заводу" 2013-жылы 200 түрлүү товарды 173 тонналык көлөмдө өндүрүп чыгарган. “Бүгүнкү күндө ишканадан өндүрүлгөн товарлардын сапаты чет өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу мыкты. Заводдун кубаттуулугу өзүбүздүн базарды камсыздаганга, экспорт кылганга жетет. Бирок азырынча буюртмаларды токтотуп турабыз”,- деди Калыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан