Чет өлкөлөр менен достошууга көмөктөшүү боюнча Бүткүл Кытай ассоциациясынын чакыруусу менен Феликс Кулов баштаган парламент депутаттары 25-29-май күндөрү Кытайга иш сапары менен барып келишти.
Кыргыз делегациясы Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Аркен Имирбаки, аталган ассоциациянын төрагасынын орун басары Ли Чжаосин, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия департаментинин жетекчилиги менен жолугушту. Муну бүгүн, 2-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарда депутаттар Шанхай шаарында болуп, Кытай Элдик саясий кеңешинин Шанхай комитетинин төрагасынын орун басары Чжоу Тайтун менен жолугушту.
"Жолугушууларда кыргыз-кытай кызматташтыгы, эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөө, партиялар аралык алакаларды арттыруу боюнча пикир алышышты",- деп айтылат маалыматта.