Өткөн суткада Кыргызстандын жашоочулары 62 миллион кВт саат электр энергиясын пайдаланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы өлкө боюнча алып караганда, электр энергиясын пайдалануу нормадан 165 МВтка ашык колдонулду. Бишкек шаарынын абоненттери 2,23 миллион кВт саат жана 179 МВт, Талас облусунун тургундары 8 МВт, Нарын облусу 0,17 кВт саат жана 16 МВт, Ысык-Көл облусу 0,17 кВт саат жана 15 МВт электр энергияны ашыкча иштетишти.