Шаани Топчубаева, каза болгон ымыркайдын таенеси: “3 айлык неберемдин өлүмүнө жол тоскондор эмес, дарыгерлер күнөөлүү"

"Алайдагы митингчилер тоскон жолдон өтө албай 3 айлык кыз каза тапты" деген маалыматты Ахматбек Келдибековдин тарапташтары жокко чыгарышты. Алар каза тапкан кыз мурдатан ооруп, 1-2 жолу чет өлкөлөрдөн операция болуп келгенин айтышты.

Ал эми ооруканада көз жумган ымыркайдын таенеси Шаани Топчубаева SUPER.KG порталына “3 айлык неберем жол тоскондордун айынан эмес, дарыгерлердин айынан каза болду” деп билдирди.

Анын айтымында, Гүлчөдөгү ооруканага Алай районунун Үч-Дөбө айылынан келишкен. Жолдо Ахматбек Келдибековдун тарапташтары 10-15 мүнөттөй кармап, коё беришкен. "Саат 22:00дө ооруканага келдик. Дарыгерлердин айынан неберем таңга маал каза болуп калды",- деди ал. 

Айта кетсек, буга чейин Алайда жол тоскондордун айынан 3 айлык ымыркайдын каза болгону айтылган эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
striker
2014-06-02 16:22:39
Бул эми башка кеп.))
+4
Aitunuk
2014-06-02 16:31:36
Таенеси небересин (үч айлык!) 5-6 күн врачка кайрылбай үйүндө кармаганын да айтса болмок экен. Биз, кыргыздар, жакшы болуп кетет деп койдун, эчкинин майын шыбап отура бермей адатыбыз бар да, качан гана дем алуусу оордогондо врачка барабыз да, аягында аларды күнөөлөп жатып калабыз. Чоң адам болбогондон кийин дароо кайрылыш керек эле да, врачтар сыйкырчы эмес да, "абрака-дабра" деп айыктыра салгыдай.
+3
Biinura
2014-06-02 16:34:29
Ммм
0
Fatimka
2014-06-02 21:33:27
Таенесине дагы акча берип коюшса керек.
-1
Beko87
2014-06-03 02:16:02
Fatimka, кызыксызгоо сиз?кантип жалган айтсын аза куткон адам??
0
Likvidator
2014-06-03 09:38:01
Бийликтин апыртмасы анга тушту.)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан