"Инвесторлордун жардамысыз Кыргызстандын экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес" деди Экономика министри Темир Сариев

КРнын Экономика министри Темир Сариев "Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясын" талкуулаган Улуттук кеңештин кийинки жыйынында инвестициялык саясатты талкуулоо керектигин билдирди. Анын айтымында, инвесторлордун жардамысыз Кыргызстандын экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес. "Биз элдин инвесторлорго болгон мамилелерин өзгөртпөсөк, Кыргызстанды көтөрүү татаал" деди Сариев. Министр ошондой эле аталган стратегияны "Жаратман 5 жылдык" деп атоону сунуштады. Улуттук кеңештин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев бул сунуш эске алына турганын айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан