Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 29-майда “Кыргыз алтын” компаниясынын өкүлдөрү менен бирге “Кумтөрдөгү” жумушчулар менен жолугушту. Анда алтын кенинин учурдагы абалына байланышкан олуттуу көйгөйлөр талкууланганын аталган агенттиктен 2-июнда билдиришти. Ишкананын техникалык абалы боюнча суроолорго “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” вице-президенти Родни Ступарик жооп бергени айтылды.
Зилалиев ишканадагы бардык иштер мыйзамга ылайык жүрүшү керектигин белгилейт.
Жолугушуудан кийин мамлекеттик органдардын адистер тобу ишканадагы процесс менен таанышып чыгышты.