Манасчы Жусуп Мамайды жерге берүү зыйнатына катышуу үчүн кыргыз делегациясы жөнөп кетти

Жусуп Мамайды жерге берүү зыйнатына катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автономдуу округуна кыргыз делегациясы жөнөп кетти. Тийиштүү жарлыкка КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 2-июнда президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Данияр Нарымбаев баш болгон кыргыз делегациясында вице-премьер-министр Эльвира Сариева, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Каныбек Иманалиев жана башка коомчулуктун өкүлдөрү кетишти. 

Эске салсак, 1-июнь күнү эртең менен белгилүү манасчы Жусуп Мамай 96 жаш курагында көз жумган. Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автономдуу районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында жарык дүйнөгө келген. Ал "Манас" эпосун сегиз урпакка чейин айткан. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан