Бүгүн, 2014-жылдын 2-июнунда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруунун жүрүшү, келерки 2015-жылга негизги каржылык документтин алдын ала көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат алды.
Президент Алмазбек Атамбаев бюджетти өз мөөнөтүндө аткаруу, өлкөнүн жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча бардык милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгын белгиледи.
Мындан тышкары өлкө башчы 2013-2017-жылдары өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын программасында камтылган долбоорлорду жана программаларды өз учурунда каржылоонун маанисин баса белгиледи.