Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөрүн атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ош-Бишкек унаа жолунда, тактап айтканда, Чычкан капчыгайында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштерин жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда аталган министрликтин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча борборлоштурулган башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Сваров билдирди. “Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүү коркунучу бар,себеби өткөн эс алуу күндөрү кар калың жаады”,- дейт Сваров. Аткылоо иштери бир аптанын ичинде жасалышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан