Казакстан 1-июндан тартып Орусия, Беларустан алкоголдук ичимдиктерди ташып келүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жарыялашты
Мындай чектөө аталган өлкөлөрдөн алынып келинип, Казакстандын рыногунда жүгүртүлгөн спирт ичимдиктери Бажы биримдигинин техникалык регламентине туура келбестиги жана Казакстандын улуттук мыйзамдарынын талаптарын бузуп жатканы менен түшүндүрүлдү.
“Этикеткада спирт ичимдиктерин колдонуу боюнча адамдардын жаш курактары так көрсөтүлбөй жатат. Ичимдиктер ким тарабынан өндүрүлгөнү жана тийиштүү маалыматтар мамлекеттик, тактап айтканда, казак тилинде толук жазылбай калууда”,- деп белгиледи Казакстандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттигинин жетекчиси Айгерим Садубаева.
Мындай чектөө качанкыга чейин уланары белгисиз.