Алайда митингге чыгышкан депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушканы бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов келди. Сөз сүйлөгөн депутат бийлик өкүлдөрүнө бир катар сындарды айтты.
“Коркунучтуу кылмышкерди абактан чыгарып жиберип, бирок Ахматбекти эмнеге үй камагына чыгарбай жатасыңар?" деп биз да айтып жатабыз. Антсек "аныкы башка иш да" дешет. Мен да укук коргоо тармагында иштеп келгем. "Ахматбекти жүздөгөн адамдардын кепилдиги менен үй камагына чыгаргыла, ал 3 жолу бутунан операция болгон" десек да чыгарбай жатканына сиздер сыңары эле биз да тынчсыздануудабыз”,- дейт ал.