"Өкмөттүн жалгыз өзүнүн колунан келбей турган иштер да бар" дейт Алмазбек Атамбаев

"Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын" ишке ашуусунун баарын өкмөткө жүктөп койгонго болбойт". Мындай пикирди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-январда өтүп жаткан аталган маселе боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул стратегияны ишке ашырууга бардык тийиштүү органдар катышуусу керек. "Өкмөттүн жалгыз колунан келбей турган иштер да бар, муну эске алыш керек. Ал эми жоопкерчилик баарыбызда болушу керек, бул стратегия ишке ашпай калса, президент катары мен да жооп берем",- деди ал. Айта кетсек, жыйында "Ата Журт" фракциясынын төрагасы бул стратегия боюнча жоопкерчилик тууралуу маселе көтөрдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан