Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 2-июндагы жыйынында "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин бири - депутат
Өмүрбек Текебаев. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү кафе, ресторан, акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндары милдеттүү түрдө өз имараттарына видеокамераларды орнотууга мажбур болушат. Маалыматтарга таянсак, Бишкек шаарындагы коомдук мекемелерге 4000 видеокамера орнотулушу мүмкүн. Демилгечинин айтымында, камералар коюлса, шаардагы кылмыштуулук 2 эсе азаят.
Текебаев бул мыйзам долбоору 2005-жылы эле сунушталганын, бирок ал кездеги президент Курманбек Бакиев бюджетте акча жоктугун айтып, мыйзамга кол коюудан баш тартканын билдирди.