Индиянын түштүгүндө жайгашкан Андхра-Прадеш штаты экиге бөлүнүп, өлкөдө дагы бир штат ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Индиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, жаңы ачылган Теленгана штаты өлкөдөгү 29-штат болуп саналат. Ага 10 район жана Андхра-Прадеш штатындагы эң ири деп саналган Хайдарабад шаары кирди.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индия парламенти Андхра-Прадеш штатын экиге бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Көпчүлүк ишканалардын башкы кеңселери Хайдарабад шаарында жайгашкандыктан, эл арасында буга каршы чыккандар да болгон. Мындан улам бийликтегилер "Хайдарабад шаары 10 жыл аралыгында эки штатка кызмат кылат" деген чечим кабыл алышкан.
Теленгана штатынын аянты - 114 840 чарчы чакырым. Калкынын саны боюнча өлкөдө 12-орунда турат. Учурда анда 35 миллиондон ашык эл жашайт.