Бишкекте мас абалындагы айдоочу унааларды сүзүп, качып баратканда унаасы оодарылып кетти

Бишкекте мас абалында бараткан айдоочу унааларды сүзүп, качып баратканда унаасы оодарылып кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 28 жаштагы Алексей аттуу айдоочу Чүй  проспектинен мас абалында Субару Ланкастер унаасын башкарып бара жатып, Субару Легаси унаасын жана Ниссан-Примера унаасын сүзүп, качып жөнөгөн. Кийин Алексей Ауэзов көчөсүнөн тоскоолдукка кабылып, унаасы оодарылып кеткен. Маалым болгондой, Субару Легаси унаасындагы Улукбек жана Эмир аттуу жүргүнчүлөр жаракаттары менен ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Учурда унаалар айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kanat8427
2014-06-08 10:54:48
Жазасын алыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан