Башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын колдой турганын билдирди

"Мыйзам жана тартип иштебеген тармакта алдыга жылуу болбойт". Бул тууралуу башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 14-январда "Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Башкы прокурор бул стратегиянын алдынкы пункттарынын биринде укуктук, мыйзамдуу, мамлекеттик түзүлүш боюнча жазылып турганын колдоого алды. 
Айта кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган "Кыргызстанды 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү стратегиясы" маселеси талкууланууда. Ага мамлекет жетекчиси, өкмөт башчы, ЖКдагы фракция лидерлери, тийиштүү министрлер, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы жана бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан