31-май күнү Алайда жол тосуп турушкан депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Анатолий Жээнбаевди сабап салышты. Бул тууралуу Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жеңишбек Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, Анатолий Жээнбаев Алайга, жол тоскондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук көзөмөлдү сактоо үчүн барган. Бирок саат 16:00 чамасында митингдин айрым катышуучулары элди ага каршы тукуруп, сабап салышты.
“Учурда Жээнбаев Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, дарыланып жатат. Абалы жакшы болуп калды”, - деди Ашырбаев.
Бул факт боюнча “бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөттү” деген айып менен кылмыш иши ачылганы, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.