Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева “өлкөдө мөңгүлөр жөнүндө мыйзам кечиктирилбей кабыл алынышы керек” деп эсептейт. Муну депутат бүгүн, 2-июнда SUPER.KG порталына билдирди. “Мөңгүлөр жөнүндө парламент кабыл алган мыйзамга кол коюлбай артка кайтарылды. Бул жерде “Кумтөрдүн” басымы болду. Алар өздөрү уруксат алган жерлерди иштетүүгө кызыкдар, план боюнча кен иштетүүдө дагы бир канча мөңгү талкаланганы жатат. 2 мөңгүнү ансыз деле талкалап бүтүштү. Албетте, кендер иштеши керек, бирок мөңгүлөрдү талкалоого жол бербешибиз керек. Дүйнө элдери суу талашып согушууда, биз мөңгүлөрдү сактап калышыбыз шарт. Кен казуу иштери жер астында гана жүрсүн деп жатабыз”,- дейт депутат.
Эске салсак, өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев мөңгүлөр тууралуу мыйзамга кол койбой кайра парламентке кайтарган эле.