Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитети Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин башкаруу системин оптималдаштыруу боюнча парламенттик угуу өткөрдү.
Талкууда аталган министрликти оптималдаштыруу боюнча агрардык тармактын кесипкөй кызматкерлеринен, ардагерлеринен комиссия түзүү сунушу айтылды. Жогорку Кеңештин депутаты Абдумиталип Кочкорбаев эпизоотикага, зоотехникага көңүл бурулбаса, мал чарбачылыгы өспөй турганын айтат. Бул тармакты рынок экономикасына өткөрмөйүнчө айтылгандардан эч кандай жыйынтык чыкпастыгы да белгиленди.
Соңунда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен өкмөткө айыл чарба тармактарынын өнүгүү багыттарын тактоо үчүн кеңейтилген эксперттик топ түзүү, ал топ менен Айыл чарба министрлигин оптималдаштырууга функционалдык анализ жүргүзүп, конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.