Бишкек шаарында чак түштө мас абалында бычак көтөрүп, жарандарга коркунуч келтирип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-июнда билдирди. Маалыматтарга караганда, Тынчтык жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 25-30 жаштардагы жаран мас абалында колуна бычак көтөрүп, жарандарга коркунуч жараткан. Аталган аймакта кызмат өтөп жаткан Жол-кайгуул кызматынын инспектору Чокулаев коомдук тартипти сактоо үчүн аталган жаранды колго түшүрүп, бычагын алган соң милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Иликтөө иштери жүрүүдө.